Шамсуддин Хакимов — 485
42:16 Аллахтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллах жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)[1] жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллах тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар!
42:17 Аллах Китепти жана Адилеттикти акыйкаттык менен түшүргөн. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болсо ажеп эмес.
42:18 Кыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда!
42:19 Аллах пенделерине Боорукер. Каалаган пендесине ырыскы берет. Ал Кубаттуу, Кудуреттүү!
42:20 Ким Акырет сыйлыгын кааласа анын сооп-сыйлыгын көбөйтөбүз. Ал эми, ким дүйнө сыйлыгын кааласа, андан (каалашынча) беребиз, бирок ага Акыретте (акыреттик сыйлыктан) насип болбойт.
42:21 Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?![1] Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар!
42:22 Сен залым (каапыр) адамдарды жасаган (күнөө) иштеринен (келчү азаптан) коркуп, жалдыраган абалда көрөсүң. Ал (азап) аларга түшүүчү! Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылган адамдар, бейиш бактарында болушат. Аларга Раббилеринин алдында каалаган нерселери даяр. Бул улук пазилет!