>

Шамсуддин Хакимов — 483

42:1 Хаа, Мийм.

42:2 Айн, Сийн, Кааф.[1]

42:3 Кудуреттүү, Даанышман Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт.

42:4 Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук!

42:5 Үстүндөгү асмандар жарылып кетчүдөй болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллах(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу!

42:6 Аллахтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллах сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (Оо, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң.

42:7 Биз сага Уммул Курааны(н элин)[1] жана анын айланасындагы элдерди, шексиз келе турган Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Куранды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат).

42:8 Эгер Аллах кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Залымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок!

42:9 Же алар Аллахтан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы бул Аллах! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!

42:10 Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү – Аллахка! Ушул Аллах менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын!