Шамсуддин Хакимов — 482
41:47 Кыяматтын илими Өзүнө гана кайтарылат.[1] Өз бүчүрүнөн чыга турган бардык мөмөлөр, бардык ургаачылар боюна көтөргөн жана төрөгөн нерселер Анын гана илими менен (камтылган)! Ошол (Кыямат) Күнү (Аллах) аларга: «Менин «шериктерим» кана?!» (дегенде) алар: «Биздин арабызда (Сенден башканын кудай экенине) күбө жок экенин Сага билдиребиз» дешти.
41:48 Жана буга чейин (дүйнө жашоосунда) ага дуба кылган «кудайлары» алардан жоголуп, өздөрүнө куткаруучу жок болуп калганын анык билишти.
41:49 Инсан (өзүнө) жакшы дуба-тилек кылуудан эч чарчабайт. Эгер ага бир жамандык жетип калса, дароо мүңкүрөп, үмүтсүз болуп калат.
41:50 Эгерде ага жеткен кайгыдан соң Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, «Мен ушуга татыктуу элем. Кыямат болушуна да күмөнүм бар. Эгер (Кыямат чын болуп) мен Раббиме кайтарылган күндө деле, Анын алдында мага жакшылыктар (бейиш) болот!» деп айтаары бышык. Биз каапыр болгон адамдарга жасаган иштеринин кабарын берип, аларга катуу азап(тын «даамын») таттырабыз.
41:51 Эгер Биз инсанга нээмат берип койсок, (Бизден) жүз буруп, көөп, бой көтөрүп калат. Ал эми, бир жамандык жетип калса, узун-узун дубаларды окуп калат.
41:52 Айткын: «(Эй, мушриктер), айткылачы мага, эгер (Куран) Аллахтын алдынан (келгени чын) болуп, силер ага каапыр болсоңор, Аллахка түбөлүк душмандыкта болгон кишиден көбүрөөк адашкан ким бар?!
41:53 Биз аларга анын (Курандын) акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп коёбуз. Раббиңдин ар нерседен Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?!
41:54 Көңүл бургула! Алар Раббисине жолугуудан күмөндө болушууда! Көңүл бургула! Чынында ал ар бир нерсени (Өз илими менен) Камтуучу».