Шамсуддин Хакимов — 480
41:30 «Раббим – Аллах» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө!
41:31 Биз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар!
41:32 Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллах) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет).
41:33 Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар?
41:34 Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат.
41:35 Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет.[1]
41:36 Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллахтан коргоо тиле![1] Чынында Ал – Угуучу, Билүүчү!
41:37 Күн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!
41:38 Эгер (Аллахка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллах алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат.