>

Шамсуддин Хакимов — 479

41:21 Анда алар терилерине: «Эмне үчүн биздин зыяныбызга күбөлүк бердиңер?» – дешет. (Терилери жана башка дене мүчөлөрү) айтат: «Ар кандай нерсени сүйлөтө алган Аллах бизди да сүйлөттү. Ал силерди биринчи ирет (жоктон бар кылып) жараткан. Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар».

41:22 Силер (эй, күнөөкөр адамдар!) Өзүңөрдүн зыяныңарга кулагыңар, көзүңөр, териңер күбөлүк беришинен (дүйнөдө) жашынбайт элеңер. (Анткени), жасаган ишиңерден көпчүлүгүн Аллах билбей калат деп ойлогонсуңар.

41:23 Раббиңерге күмөн санаган ушул ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар.

41:24 Эгер (азапка) чыдай алса, тозок-алардын жайы. Эгер (дүйнөгө) кайтарууну сурашса кайтарылуучу болушпайт.

41:25 Биз аларга (Куранды четке каккандан кийин жин-шайтандардан) досторду» даярдап койгон элек. Анан алар (шайтандар) буларга алды-артындагы күнөөлөрдү кооздоп көргөзгөн. (Натыйжада) өздөрүнөн мурда өткөн (каапыр) инсандар жана жиндердин катарында алардын башына да сөз (азап) келиши акыйкат болуп калды. Алар зыян тартуучу болушту.

41:26 Каапыр адамдар (бири-бирине): «Куранды укпагыла! (Эгер капыстан угуп калсаңар) аны жеңип, жогору келишиңер үчүн маанисиз сөздөрдү сүйлөп таштагыла!» – дешти.

41:27 Биз каапырларга сөзсүз катуу азап таттырабыз жана өздөрү жасаган (жаман) иштен да жаманыраак жаза менен жазалайбыз!

41:28 Ушул жаза Аллахтын душмандарынын жазасы: тозок! Биздин аяттарыбызды (мыскылдап) четке каккандарынын жазасына алар үчүн тозокто түбөлүк орундар бар![1]

41:29 (Каапыр жолбашчыларды ээрчип) каапыр болгон адамдар (тозокто туруп): «Оо, Рабби! Бизге азгырган адамдарды жана жиндерди көргөз! Биз аларды, эң төмөнкү тозокто болушу үчүн, тамандарыбыз менен эзип-жанчып туралы!» дешти.