Шамсуддин Хакимов — 478
41:12 Анан (дагы) эки күндүн ичинде жети асманды(н жаралышын) бүтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий (дайын) кылды. Жана Биз Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. (Жана ал жылдыздарды жин-шайтандардан) коргоочу (кылдык). Бул (жаратылыштар) Илимдүү, Кудуреттүү Аллахтын тагдыры.
41:13 Эгер (мушриктер дагы эле) жүз үйрүсө, айткын: «Мен силерди Аад жана Самуддун азабы сыяктуу азаптан эскерттим!»
41:14 Бир кезде аларга пайгамбарлар биринин артынан бири келип: «Аллахтан башкага ибадат кылбагыла!» (дегенде) «Эгер Раббибиз кааласа, периштелерди (пайгамбар кылып) түшүрмөк. Биз силер алып келген Динге ишенбейбиз. (Анткени, адамдан пайгамбар чыгышы мүмкүн эмес)» дешти.
41:15 Ал эми, Аад (уруусу) болсо, акыйкатсыздык (зордук-зомбулук) менен жер жүзүндө текеберленип: «Бизден күч кубаттуу эч ким жок!» дешти. Алар өздөрүн жараткан Аллах алардан күчтүүрөөк экенин билишпеди бекен?! Алар (ошентип) аяттарыбызды четке кагып коюшту.
41:16 Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн бактысыз күндөрдө катуу добул шамалды жибердик! Акырет азабы андан да кордоочураак! (Ал Күнү) аларга эч жардам берилбейт!
41:17 Ал эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) хидаят берсек, хидаят-туура жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду!
41:18 Биз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык.
41:19 Ал эми, Аллахтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү,
41:20 Тозокко (жакын) келишкенде («Биз күнөө кылган эмеспиз!» деп тана башташат. Ошондо) алардын зыянына көздөрү, кулактары жана терилери, жасаган (күнөө) иштерине күбөгө өтүшөт.