Шамсуддин Хакимов — 477
41:1 Хаа-миим.[1]
41:2 (Бул) Ырайымдуу, Мээримдүү тарабынан түшүрүлгөн, (жана)
41:3 (маанисин) билген адамдар үчүн аяттары арабча Куран калыбында толук баяндалган (Китеп)
41:4 (Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт.
41:5 Жана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти.
41:6 Айткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»
41:7 Алар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар.
41:8 Чынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»
41:9 Айткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллахка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал – ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусу го!»
41:10 Жана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн.
41:11 Кийин (жаратуу үчүн) асман(дар)ды максат кылды.[1] Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!» – дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик» – дешти.