Шамсуддин Хакимов — 476
40:78 Биз сага чейин (көп) пайгамбарларды жибердик. Алардын арасынан сага (Куранда) баяндап бергенибиз да бар, баян кылып бербегенибиз да бар. Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча эч кандай моожиза келтире албайт![1] Ал эми, качан Аллахтын буйругу келгенде, акыйкат менен өкүм кылынат. Ошол жерде жалганчылар зыянга учурашат!
40:79 Аллах силерге (ар түрдүү) айбандарды жаратып (моюн сундуруп) берди. Алардын арасынан минишиңер үчүн (жаратканы бар). Алардын арасынан (этин) жешиңер үчүн (жараткандары бар).
40:80 Ал айбандарда силер үчүн (көп) пайдалар бар. Жана аларга минип көңүлүңөрдөгү максат-муктаждыгыңарга жетишиңер үчүн алардын үстүнө жана кемелердин үстүнө (Аллахтын пазилети менен) мингизип коюлдуңар.
40:81 Аллах силерге (кудуретинин) белгилерин көргөзүүдө. Аллахтын кайсы аят-белгисин жокко чыгара алсыңар?!
40:82 (Мушриктер) жер жүзүн кезип саякат кылышпайбы. Ошондо өздөрүнөн мурунку (каапыр) элдердин акыбети кандай болгонун көрүп алышмак. Алар булардан күч-кубаттуурак, жана жер бетинде калтырган (тарыхий-маданий) издери көбүрөөк эле! Бирок, жасаган өнөрлөрү аларга (Аллахтын азабы келгенде) пайда бере албады!
40:83 Аларга пайгамбарлары далил-баяндар менен келгенде, өздөрүндөгү илим менен текеберлене сүйүнүшкөн (жана бейиш-тозок жөнүндөгү кабарларды мыскылдашкан). Анан аларды мыскылдаган нерселери (тозок оту) ороп алды.[1]
40:84 Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллахтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик! Аллахка шерик кошкон «кудайларыбыздан» кайттык!» деп (кокуйлап) калышты.
40:85 Бирок, Биздин азабыбызды көрүп калгандагы ыймандары аларга пайда бербеди! (Бул) (байыркы) пенделеринин арасында өткөн Аллахтын (сыналган) Жолу. Каапырлар ошондо (азап келгенде) өлүмгө жолугушту!