Шамсуддин Хакимов — 474
40:59 Чынында саат (Кыямат) анык келүүчү. Анда эч күмөн жок. Бирок, көп адамдар ыйман келтирбей жатышат.
40:60 Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет.
40:61 Аллах силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллах аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат.
40:62 Ушул Аллах – силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар?!
40:63 Аллахтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет.
40:64 Аллах силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллах силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллах Улук-Берекеттүү!
40:65 Ал (түбөлүк) Тирүү! Эч бир кудай жок, Бир Өзү гана бар! Демек, ибадатты Бир Өзүнө арнап, Бир Өзүнө дуба кылгыла! Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоо(лор) болсун!
40:66 (Оо, пайгамбар,) айткын: «Мага Раббим тарабынан анык баяндар (Куран аяттары) келгенде, мен Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларга» ибадат кылуудан кайтарылдым жана ааламдардын Раббиси үчүн гана (жүрөгүм, бүт дене мүчөлөрүм менен) моюн сунууга буйрулдум.