Шамсуддин Хакимов — 473
40:50 (Тозок кароолчулары) айтышты: «Силерге пайгамбарыңар (ушул күндөрдү эскерткен) анык далилдар менен келбеди беле?!». «Жок, келген» (дешти тозоктогулар. Анда тозок периштелери): «Өзүңөр сурагыла! Бирок каапырлардын дуба-тилектери текке кетет!» – дешти.
40:51 Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз.
40:52 Ал Күндө залым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар!
40:53 Биз Мусага Хидаят – туура жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исраил урпактарын мураскор кылып койдук.
40:54 (Ал Китеп) туура жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган)
40:55 (Оо, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллахтын убадасы – Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт!
40:56 Аллахтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок.[1] Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллахтан коргоо тиле. Ал – Угуучу, Көрүүчү!
40:57 Аныгында, асмандар менен жерди жаратуу инсаниятты жаратуудан чоң нерсе. Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) билбей жатышат.
40:58 Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Оо, Адамдар Аллахты) өтө сейрек эскерүүдөсүңөр.