Шамсуддин Хакимов — 472
40:41 Оо, коомум! Эмне үчүн мен силерди (тозоктон) кутулууга чакырсам, мени тозокко чакырып жатасыңар?!»[1]
40:42 Силер мени Аллахка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллахка) чакырып жатамын.
40:43 Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллахка гана кайтабыз. Жана (Аллахка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери!
40:44 Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллахка тапшырамын. Чынында Аллах пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фараон аны өлтүртмөк болду).
40:45 (Бирок), Аллах алардын айла – амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фараон менен анын элин коркунучтуу азап ороду.[1]
40:46 Аларга (Фараон менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат.[1] Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фараон элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт.)
40:47 Ошондо алар тозокто туруп бири-бирине (күнөө тагып) далил айтышат. Алсыз (ээрчиген) мушриктер текеберленген (жетекчи) мушриктерге: «Биз силерге ээрчиген элек. Эми (бүгүн) силер бизден тозоктун бир үлүшүн болсо да арылта аласыңарбы!» – дешет.
40:48 (Анда) жетекчи мушриктер айтышат: «Бул жерде бардыгыбыз (алсызбыз). Пенделердин арасында Бир Аллахтын Өзү гана өкүм кылат».
40:49 Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн (болсо да) азапты жеңилдетсин?!» дешти.