>

Шамсуддин Хакимов — 47

2:275 Сүткорлук (менен пайда) жеген адамдар (Кыяматта) шайтан уруп акылдан азган адам сыяктуу (мүрзөлөрүнөн) турушат. Бул алардын: "Соода деле сүткорлук сыяктуу" деген сөздөрү үчүн (жаза!). Аллах сооданы адал, сүткорлукту арам кылган. Ал эми, кимге Раббиси тарабынан (сүткорлуктун арамдыгы жөнүндө) насаат-баян келсе жана ал (тообо кылып) токтосо – өткөндөгүсү өзүнө (адал) жана (келечек) иштери Аллахка тапшырылат. Жана ким (сүткорлукка) кайтса – ошолор гана тозокулар жана алар анда түбөлүк калышат!

2:276 Аллах сүткорлукту(н пайдасын) жоготот жана садакаларды пайдалуу кылат.[1] Аллах ар бир күнөөлүү каапырды сүйбөйт.

2:277 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган, намазды (шарттары менен) аткарган жана зекетти берген адамдар үчүн Раббисинин алдында сооптору даяр. Жана аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капага да батышпайт.

2:278 Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер ыймандуу болсоңор, (мурун алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардын калганын албагыла!

2:279 Эгер андай кылбасаңар, Аллах жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула! Жана эгер тообо кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт.

2:280 Эгер (карыз алуучу) начар (турмушта жашаган киши) болсо, бай болгонго чейин күткүлө. Эгер (карызыңарды) садака кылып жиберсеңер - өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер.

2:281 Аллахка кайтарыла турган күнүңөрдөн (Кыяматтан) корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук (натыйжасын) алат, жана аларга зулум кылынбайт.