Шамсуддин Хакимов — 469
40:17 «Ал Күндө ар бир жан өзү жасаган ишине жараша гана жаза алат. Ал Күндө зулум жок. Чынында Аллах тез Эсептешүүчү».
40:18 (Оо, Мухаммад!) Сен аларды (ошол) жакын Күн менен коркут. Анда жүрөктөр алкымга тыгылып, (адамдар сөздөрүн) ичине жуткан абалда (болушат)! Залымдарга эч бир боорукер, эч бир шапааты кабыл алынган актоочу болбойт!
40:19 (Аллах) көздөрдүн (арам нерсеге) жашыруун назар салышын да, жүрөктөр жашырган сырларды да билип турат.
40:20 Аллах акыйкат менен өкүм кылат. Ал эми, Аллахтан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Чынында Аллах Өзү гана (бардык нерселерди) Угуучу, Көрүүчү!
40:21 (Мушриктер) жер жүзүн кезип, саякат кылып көрүшпөйбү? Ошондо алар өздөрүнөн мурунку (мушрик) адамдардын акыбети эмне болгонун көрүшмөк. Алар булардан күч-кубаттуураак жана жер бетинде калтырган (маданий, аскерий) издери көбүрөөк болгон. Анан Аллах аларды (ширк) күнөөлөрү себептүү кыйратып салды. Аларга Аллах тарабынан эч кандай сактоочу болбоду!
40:22 Мунун себеби: аларга өз пайгамбарлары анык аят-далилдер менен келгенде, каапыр болушкан. Анан Аллах аларды кыйраткан. Чынында, Ал Кубаттуу жана азабы катуу!
40:23 Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана айкын далил менен жибердик,
40:24 Фараонго, Хаманга, Карунга[1] (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти.
40:25 Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта.[1]