Шамсуддин Хакимов — 468
40:8 Оо, Жараткан! Аларды жана алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих (таза) болгондорун Өзүң аларга убада кылган түбөлүк бейишиңе киргиз! Чынында, Сен Кудуреттүү, Даанышмансың!
40:9 Аларды жамандыктардан сакта! Сен бүгүнкү (Кыямат) Күнү кимди жамандыктардан сактаган болсоң, ага ырайым кылыптырсың! Бул деген эң улук жеңиш!»
40:10 Каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллахтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар!
40:11 (Каапырлар) айтышты: «Оо, Рабби! Сен бизди эки ирет өлтүрүп, эки ирет тирилттиң![1] Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз! (Бул тозоктон) чыгууга жол барбы?!» («Жол жок» деп айтылат аларга)
40:12 «Мунун себеби, силерди Аллахтын Өзүнө (эч нерсени шерик кошпой ибадат кылууга) чакырылганда каапыр болгонсуңар жана Ага шерик кошулса, (ошол жалган кудайга) ыйман келтиргенсиңер! (Бүгүн) өкүм эң Улук, эң Жогорку Аллахка таандык!»
40:13 (Эй, инсандар!) Ал силерге Өзүнүн (кудуретинин) белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүргөн Зат. (Муну) Аллахка кайткан адамдар гана эскеришет.
40:14 Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллахка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла!
40:15 (Силердин Кудай) Бийик даражалуу жана (Улук) Арштын Кожоюну! Ал пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга жолугушуу Күндөн эскертүү үчүн, Өз буйругу менен вахий түшүрөт.
40:16 «Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллахтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Каардуу Аллахтын Колунда!»