>

Шамсуддин Хакимов — 467

39:75 Жана сен периштелерди Раббисине мактоо-тасбихтерди айтып, Арштын айланасында турганын көрөсүң. (Ал Күнү) алардын (бардык пенделердин) арасында акыйкаттык менен өкүм кылынды жана «Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун» деп айтылды!

40:1 Хаа-миим.[1]

40:2 (Бул) Китептин түшүүсү, Кудуреттүү, Илимдүү , Аллах (таала) тарабынан болду!

40:3 (Ал) күнөөнү кечирүүчү, тообону кабыл кылуучу, азабы катуу жана ихсан-пазилеттүү. Эч бир Кудай жок, жалгыз Өзү бар! Кайтып баруу – Өзүнө!

40:4 Аллахтын аяттарында каапыр болгондор гана талашышат.[1] (Оо, Мухаммад!) алардын шаарларды кезип жүрүшү сени азгырып койбосун![2]

40:5 Алардан илгери Нухтун (каапыр) коому, алардан кийинки (каапыр) жамааттар дагы (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен. Ар бир эл өз пайгамбарын өлтүрүүгө ниеттенген жана жалгандары менен Акыйкатты жеңип алабыз дешип талашып-тартышышкан. Анан Биз аларды (апаат-балээ менен) «кармап койдук». Менин жазалоом кандай болгон!

40:6 Каапырларга Раббиңдин Сөзү (азабы) ушинтип акыйкат (жаза) болгон. Чынында алар тозок элдеринен!

40:7 Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллахтан кечирим сурап (мындай дуба кылышат): «Оо, Рабби! Ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың! (Сага) тообо кылып, Сенин жолуңа ээрчиген (момун) пенделериңдин күнөөлөрүн кечире көр?! Аларды тозок азабынан сакта!