>

Шамсуддин Хакимов — 465

39:57 же болбосо, «Эгер Аллах мени туура жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин» – деп калышынан мурун,

39:58 же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллахка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Куранды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллах бушайман чеккен каапырга мындай дейт:)

39:59 «Жок! Сага Менин аяттарым келгенде, аларды «жалган» деп, текеберленип, каапырлардан болгонсуң!»

39:60 (Оо, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен?!

39:61 Аллах такыба кишилерди (Куран менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт.

39:62 Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал – бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу!

39:63 Асмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык![1] Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар!

39:64 Айт: «Эй, наадандар! Силер мени Аллахтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы?!»

39:65 Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп вахий кылынды.

39:66 Жок! Сен Аллахтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол!

39:67 «Алар Аллахты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик!»