Шамсуддин Хакимов — 464
39:48 Жана аларга жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы көрүнүп, аларды (дүйнө жашоосунда) мазактаган нерселери (тозок оту) ороп калат!
39:49 Эгер инсанды (бир) зыян кармаса, (ыклас менен) Бизге дуба кылат. Кийин Өзүбүз ага нээмат берсек (азаптан куткарсак): «Мен буга өз илимим себептүү жеттим» дейт. Жок, бул – сыноо. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.
39:50 Муну алардан мурунку (мушрик) адамдар деле айткан. Бирок, жасаган иштери аларга (азап келгенде) пайда бербеди.
39:51 Кийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Мекке мушриктеринен) турган залым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт.
39:52 Алар билишпейби, Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар.
39:53 (Оо, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «Оо, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу![1]
39:54 Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообоңор кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла![1]
39:55 Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени – (Куранды) ээрчигиле!
39:56 (Ар бир) жан: «Аллах(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!» - деп (бушайман чегип) калышынан мурун,