Шамсуддин Хакимов — 463
39:41 Биз адамдар үчүн арналган китепти, Акыйкат менен сага түшүрдүк. Ким аны ээрчисе өзүнө пайда. Ал эми ким адашса - ал өзүнүн зыянына. Сен аларга кароолчу эмессиң.
39:42 Аллах жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет. Албетте бул нерседе пикир кылган элдер үчүн (Аллахтын кудуретине) анык белгилер бар.
39:43 Же болбосо, (мушриктер) Аллахтан башка (кудайларды) шапаатчылар кылып алыштыбы?! Айткын: «Эгер акылы жок жана эч нерсеге кожоюн болбосо делеби?».[1]
39:44 Айткын: «Бардык шапаат Аллахка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар.
39:45 Эгер Жалгыз Аллах эскертилсе, Акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү сыгылып калат. Ал эми Андан башка «кудайлары» эскертилсе, ошол замат сүйүнүп калышат.
39:46 Аткын: «Оо, Аллахым! Асмандар менен жердин Жаратуучусу! Кайып менен аныкты Билүүчү! Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың![1]
39:47 Эгер залым (каапыр) адамдардын колунда жер бетинин бүт байлыгы жана аны менен дагы ошончосу болсо да, аны Кыямат Күндөгү катуу азап барабарына (андан кутулуу үчүн) төлөп жиберишет. Жана Аллах тарабынан аларга, ойлоруна да келбеген (азаптуу) нерселер көргөзүлөт.