>

Шамсуддин Хакимов — 460

39:11 Айт: «Мен Аллахтын Өзүнө динди калыс кылган абалда ибадат кылууга буюрулдум.

39:12 Жана мусулмандардын алдыңкысы болууга буюрулдум».

39:13 Айт: «Эгер мен Раббиме (ширк келтирүү менен) күнөө кылсам Улуу Күндүн азабынан коркомун!»

39:14 Айт: «Аллахтын Өзүнө гана динимди калыс кылган абалда ибадат кыламын.

39:15 (Эй, мушриктер!) Силер дагы Өзүнөн башка каалаган «кудайыңарга» ибадат кыла бергиле» Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу – ушул!

39:16 Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллах Өз пенделерин ушу менен коркутат. Оо, пенделерим! Менден гана корккула!

39:17 Ал эми, тагутка[1] ибадат кылбай, Аллахтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер!

39:18 Алар сөздү угуп эң мыктысын ээрчишет.[1] Алар – Аллах туура жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер!

39:19 (Оо, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен туура жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең?!

39:20 А, бирок, Раббилеринен корккон адамдарга (бейиште) кабат-кабат курулган бөлмөлөр бар, алардын түбүнөн дарыялар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасына кыянат кылбайт!

39:21 Көрбөй жатасыңбы, Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жер боорундагы булактарга жолдоп койду. Анан аны менен ар түрдүү түстөгү өсүмдүктөрдү чыгарат. Кийин (ал өсүмдүктөр) кургайт. Сен алардын саргарып калганын көрөсүң. Кийин (Аллах) аларды кургак чөпкө айлантат. Чынында бул нерседе акылдуу адамдар үчүн эскерме-сабактар бар.