>

Шамсуддин Хакимов — 458

38:84 (Аллах) айтты: «Чын-чынын айтамын:

38:85 Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»

38:86 Айт: «Мен анын (Куранды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин.

38:87 Бул (Куран) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес.

38:88 Анын кабарын(ын чындык экенин) бир аздан кийин (кыяматта) билип аласыңар!

39:1 Бул Китептин (Курандын) түшүшү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.

39:2 (Оо, Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!

39:3 Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!

39:4 Эгер Аллах баласы болууну каалаганда, Өзү жараткан нерселердин арасынан Өзү каалаганын тандап (бала кылып) алмак. Аллах (мындан) Аруу-Таза! Ал – Жалгыз, Жеңүүчү Аллах!

39:5 Ал асмандар менен жерди Акыйкат (даанышмандык жана максат) менен жаратты. Ал түндү күндүзгө, күндүздү түнгө оройт. Жана Ал Күн менен Айды (Өзүнө) моюн сундурду. (Күн, Ай жана башка жылдыздардын) бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин (сүзүп) жүрүшөт. Көңүл бургула! Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү.