>

Шамсуддин Хакимов — 457

38:62 «Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз.

38:63 Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?»

38:64 Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат.

38:65 (Оо, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу!

38:66 Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү!

38:67 (Мушриктерге) айт: «Бул (Куран) – Улук кабар.

38:68 Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар.

38:69 Жогорку асмандагы периштелердин (Адам атанын жаратылуу окуясы учурунда болгон) талашып-тартышуусу жөнүндө менде илим жок болчу.[1]

38:70 Мен силерге эскертүүчү-пайгамбар (жана Аллахтын шариятын анык) баяндоочу болгонум үчүн гана ал илимдер мага вахий кылынууда.

38:71 Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын.

38:72 Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди.

38:73 Бардык периштелер сажда кылышты.

38:74 Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду.

38:75 (Аллах): «Оо, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!» – деди.

38:76 «Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың» – деди (Иблис).

38:77 (Аллах) айтты: «Эми сен андан (бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың!

38:78 Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!»

38:79 (Иблис) айтты: «Оо, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!»

38:80 (Аллах): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.

38:81 Белгилүү убакыттын күнүнө чейин» – деди.

38:82 (Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын.

38:83 Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт».