>

Шамсуддин Хакимов — 456

38:43 Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик.

38:44 (Оо, Аюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба![1] Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал (Аюб) эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!

38:45 Сен (оо, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин.

38:46 Биз аларды (өзгөчө бир) касиет – Акыретти эстөө менен ыкластуу кылдык.

38:47 Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан.

38:48 Жана (бул китепте) Исмаилди, Аль-Ясаъны, жана Зулкифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер.

38:49 Ушул – (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет бар.

38:50 (жана) «адн» бейиштери дагы бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу.[1]

38:51 Алар бейиште(ги сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат.

38:52 Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат.

38:53 Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер – ушул.

38:54 Бул – биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз.

38:55 Ушул (сыйлыктар такыба кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар.

38:56 Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун!

38:57 (Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла!

38:58 Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет:)

38:59 «Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Буларга амандык жок! Алар тозокко ташталат!»

38:60 «Өзүңөргө амандык жок! – дешет (беркилер) – бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун!

38:61 Оо, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет:)