Шамсуддин Хакимов — 455
38:27 Биз асман менен жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратпадык. Бул – каапырлардын ойлогону. Каапырларга тозоктогу «увайл» азабы болсун!
38:28 Же биз ыйман келтирип, салих амал кылгандарды жер бетинде бузукулук кылуучулар менен тең кылат бекенбиз?! Же болбосо такыба кишилерди ыпыластар менен тең кылат бекенбиз?!
38:29 Биз сага бул берекеттүү (Куран) Китепти анын аяттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк.[1]
38:30 Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!
38:31 Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү.
38:32 (Ошондо ал): "Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп каган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр" – деди.[1]
38:33 Ошол (мени алагды кылган) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады.[1]
38:34 Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тообо кылды.[1]
38:35 (Жана) айтты: «Оо, Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин (Кыяматка чейин) эч кимге берилбей турган бийлик бер! Албетте, сен Берешен Затсың!
38:36 (Дубасын кабыл кылгандан) кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына шуулдап жүрө турган шамалды,
38:37 Бардык куруучу, деңизге чумкуучу жин-шайтандарды,
38:38 Жана алардан башка (азоо) жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп (кызматчы кылып) бердик.
38:39 (Жана айттык:) «Биздин берешендигибиз - ушул (кааласаң) сен дагы (башкаларга) бер, (каалабасаң) бербе. (Бул боюнча) сага эсеп-кысап жок!
38:40 Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар!
38:41 (Оо, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Аюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды.[1]
38:42 «Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллах).[1]