>

Шамсуддин Хакимов — 454

38:17 Алардын сөздөрүнө сабыр кыл жана күч-кубаттуу пендебиз Даудду эсте. Ал (Аллахка) өтө берилген пенде болчу.

38:18 Биз ага, аны менен бирге эртели-кеч тасбих айта турган тоолорду моюн сундурдук.

38:19 Жана топ-топ куштарды да (моюн сундурдук. Бардыгы (тоо-таш жана куштар) ага моюн сунган эле.[1]

38:20 Жана Биз анын мүлк-бийлигин бекем кылдык, Хикмат (даанышмандык) жана өтүмдүү (өкүмдүү) Сөз бердик.

38:21 Сага (оо, Мухаммад), талашкан адамдардын кабары келди беле? Ошондо, алар (эки маселе талашкан адам ибадатканадагы) мээрапка дубал ашып,

38:22 капыстан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. «Коркпогун – дешти алар-биз бири экинчисине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба! Жана бизди туура жолго башта!»

38:23 «Бул менин өз бурадарым (деди бирөөсү), анын токсон тогуз соолук коюу бар. Менин коюм бирөө гана. Анан бул: «Муну да мага бер» – деп (алып койду) жана сөздө мени жеңип алды».

38:24 (Дауд муну угар замат шашылып): «Сенин (бир) коюңду сурап (өзүнүн койлоруна кошуп) алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар (андай эмес). Алар өтө сейрек» деди. (Ошондо) Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап,[1] рукуу, тообо кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады.

38:25 Биз ал үчүн бул (күнөө) ишти кечирдик. Чынында, Бизди алдыбызга ага ынактык-жакындык жана жакшы акыбет бар.

38:26 О, Дауд! Биз сени жер бетинде (Өзүбүздөн) халифа-орунбасар кылдык. Эми, адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиңдин каалоолоруна ээрчибе – Аллахтын жолунан адаштырып жиберет. Ал эми, Аллахтын жолунан адашкандарга унуткандары себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар.