Шамсуддин Хакимов — 453
38:1 Сод.[1] Даңазалуу Куранга[2] ант:
38:2 Бирок, каапырлар (Куранга каршы) текеберликте жана душманчылыкта.
38:3 Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу.
38:4 Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы!
38:5 Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти.[1]
38:6 Алардын чоңдору чыгып: «Жүргүлө (кеттик) өзүңөрдүн кудайыңарга сабыр менен (бекем) тургула! Бул (жоругу менен анын бийликке жетүүсү) максат кылынган.
38:7 Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук.
38:8 Биздин арабыздан (адам калбагансып) Зикир-Куран ушуга түшүрүлүптүрбү?!» – (дешти). Жок! Алар Менин Зикир-Куранымдан шектенишүүдө. Балким, алар азапты татып көрбөгөн(дөн улам ушинтип жатышкандыр).
38:9 Же кудуреттүү, Берешен Раббиңдин Ырайым казыналары алардын ыктыярындабы?!
38:10 Же асмандар менен жердин жана экөөсүнүн арасындагы нерселердин падышалыгы алардын колундабы?! Анда, себептерин таап (асманга) көтөрүлүшсүн (жана, эгер колдорунан келсе Мухаммадга түшүрүлүп жаткан Аллахтын Ырайымын кыркып салышсын!)
38:11 Алар ал жер, бул жердеги (уюгушкан) топтордон турган жеңилген аскерлер.
38:12 Алардан мурун да Нухтун (каапыр) коому (Нухту), Аад элдери (Худ пайгамбарды), казыктардын кожоюну Фараон (Мусаны),
38:13 Самуд коому (Салихти), Лут коому (Лутту), бак-бостон элдери (Шуайбды) жалганчы кылышкан. Ошолор дагы уюшкан топтор эле.
38:14 Бардыгы пайгамбарларды «жалганчы» дешкен убакта Менин азабым (аларга) хакк (ылайык) болду.
38:15 Булар (Мекке каапырлары) эч кайтарып болбой турган бир гана ач айкырыкты[1] гана күтүп жатышат.
38:16 Жана алар «Оо, Рабби бизге өзүбүздүн (азаптан турган) тиешебизди Эсеп Күндөн мурун эле тездетип бере бер» - дешти.[1]