>

Шамсуддин Хакимов — 452

37:154 Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!

37:155 (Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!

37:156 Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)

37:157 (Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!

37:158 Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!

37:159 Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!

37:160 Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).

37:161 (Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

37:162 эч кимди адаштыра албайсыңар!

37:163 (Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).

37:164 (Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.

37:165 Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.

37:166 Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).

37:167 Алар айтышат:

37:168 «Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,

37:169 Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».

37:170 Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.

37:171 Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:

37:172 «Чынында алар гана жардам берилген адамдар!

37:173 Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

37:174 Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!

37:175 Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

37:176 Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?![1]

37:177 Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!

37:178 Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!

37:179 Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

37:180 Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!

37:181 Пайгамбарларга салам болсун!

37:182 Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!