Шамсуддин Хакимов — 451
37:127 Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.
37:128 Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).
37:129 Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
37:130 Иляска (Аллахтан) салам болсун!
37:131 Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
37:132 Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.
37:133 Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.
37:134 Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.
37:135 Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).
37:136 Анан Биз башкаларды кыйраттык.
37:137 (Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен
37:138 жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
37:139 Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.
37:140 Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1]
37:141 Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.
37:142 Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.
37:143 Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,
37:144 Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.
37:145 Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1]
37:146 Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1]
37:147 Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.
37:148 Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.
37:149 (Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1]
37:150 Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!
37:151 Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:
37:152 «Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!
37:153 (Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!