>

Шамсуддин Хакимов — 450

37:103 Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…

37:104 «Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.

37:105 Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».

37:106 Чынында, бул анык сыноо болгон.

37:107 Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.[1]

37:108 Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

37:109 Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!

37:110 Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

37:111 Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.

37:112 Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.

37:113 Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.

37:114 Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.

37:115 Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.

37:116 Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.

37:117 Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,

37:118 Туура жолго баштадык.

37:119 Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

37:120 Муса менен Харунга салам болсун!

37:121 Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

37:122 Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.

37:123 Иляс дагы пайгамбарлардан эле.[1]

37:124 Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

37:125 Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!

37:126 Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»