>

Шамсуддин Хакимов — 45

2:265 Мал-дүйнөлөрүн Аллахтын ыраазычылыгын көздөп жана (Аллах берчү соопко) бекем - чын ишенимдери менен садака кылган адамдардын мисалы, бийик, тегиз жердеги бак-бостон сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы да (пайдалуу) боло берет. Жана Аллах силер жасаган (бардык) ишиңерди Көрүүчү.

2:266 Силерден бирөөңөр, астынан дарыялар аккан, ичинде ар түрдүү мөмөлөрү болгон жүзүм жана курма багы болушун, жана өзү картайып, бала-бакырасы да алсыз болгон бир мезгилде, бак-бостонуна оттуу бороон тийип, өрттөп кетишин каалайт беле?! Аллах силерге аяттарын ушинтип баян кылат, пикир кылышыңар үчүн.[1]

2:267 Оо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөр иштеп тапкан нерсеңерден жана Биз силер үчүн жерден чыгарып берген (дан, жер азыктары, мөмө-жемиш ж.б.у.с.) нерселерден эң асыл-тазаларын садака кылгыла. Жана алардан төмөн-начар болгондорун садака кылууну ниет кылбагыла.[1] Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да андан көзүңөрдү жумуп (жактырбай) аласыңар. Жана билгиле, Аллах Беймуктаж жана мактоого татыктуу.

2:268 Шайтан силерди кембагалдык менен коркутат жана бузукулуктарга буюрат. Аллах болсо, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллах (тын ырайым-пазилети ) Кенен, Билүүчү.

2:269 (Аллах) каалаган пендесине хикмат (илим-даанышмандык) берет. Кимге даанышмандык берилген болсо, демек ага көп жакшылыктар берилиптир. (Муну) акылдуу адамдар гана баамдай алышат.[1]