Шамсуддин Хакимов — 449
37:77 Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.
37:78 Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.
37:79 Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!
37:80 Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.
37:81 Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.
37:82 Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.
37:83 Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.
37:84 Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.
37:85 (Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!
37:86 Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!
37:87 Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)
37:88 Жылдыздарга бир карап алып:
37:89 «Мен ооруп турам» – деди.
37:90 Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.
37:91 Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,
37:92 Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.
37:93 Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).
37:94 (Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)
37:95 Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!
37:96 Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан!
37:97 (Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!
37:98 Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]
37:99 (Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)
37:100 «Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».
37:101 Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.
37:102 Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».