Шамсуддин Хакимов — 448
37:52 Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?
37:53 Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)
37:54 «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.
37:55 Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)
37:56 «Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!
37:57 Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!
37:58 Биз өлбөптүрбүзбү?[1]
37:59 Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?
37:60 Албетте, бул чоң жеңиш.
37:61 Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»
37:62 (Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?[1]
37:63 Биз аны залымдарга сыноо[1] болушу үчүн жараттык.
37:64 Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.
37:65 Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.
37:66 Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.
37:67 Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет![1]
37:68 Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!
37:69 Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.
37:70 Ошолордун изинен чуркап кетишти.
37:71 Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.
37:72 Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.[1]
37:73 Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!
37:74 Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.
37:75 (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.
37:76 Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын)[1] чоң балээден куткардык.