>

Шамсуддин Хакимов — 447

37:25 «Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!».[1]

37:26 Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!

37:27 (Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.

37:28 (Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»

37:29 (Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.

37:30 Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.

37:31 Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.

37:32 Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».

37:33 Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.

37:34 Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз!

37:35 (Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.

37:36 Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).

37:37 Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган![1]

37:38 (Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!

37:39 Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!

37:40 Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,

37:41 Аларга белгиленген ырыскылар бар.

37:42 Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,

37:43 Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,

37:44 (Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат).

37:45 Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.

37:46 Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,

37:47 Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.

37:48 Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.

37:49 Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!

37:50 (Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.

37:51 Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.