Шамсуддин Хакимов — 446
37:1 Сап тартып турган периштелерге ант!
37:2 (Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!
37:3 (Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!
37:4 Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!
37:5 (Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!
37:6 Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.
37:7 Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.
37:8 Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.
37:9 (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.
37:10 Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).
37:11 Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.
37:12 Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.
37:13 Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.
37:14 Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.
37:15 Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет.
37:16 (Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?
37:17 Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.
37:18 Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).
37:19 Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»
37:20 Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)
37:21 «Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»
37:22 «Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!
37:23 Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!
37:24 Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат: