Шамсуддин Хакимов — 445
36:71 Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик.
36:72 Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери бар…
36:73 Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллах эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)
36:74 Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана!
36:75 («Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес.[1] (Бирок ошого карабай…) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет).
36:76 (Оо, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз.
36:77 Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди.
36:78 Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Чирип кеткен сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?» – деп, Бизге (каршы) мисал келтирет!
36:79 Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет.
36:80 Ал силерге көк (жана ным) дарактан от(ун) жасап берген. Силер аны жагып жатасыңар.
36:81 Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү.
36:82 Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат.
36:83 Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллах (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!