>

Шамсуддин Хакимов — 444

36:55 Ал Күнү бейиш элдери кубаныч менен гана алек.

36:56 Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат.

36:57 Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар.

36:58 Ырайымдуу Раббилери тарабынан «Cалам» деген сөз (айтылат).

36:59 Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө!

36:60 Оо, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман!

36:61 Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!» деп буюрбадым беле?!

36:62 Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер?!

36:63 Силерге убада кылынган тозок – ушул!

36:64 Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»

36:65 Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет.

36:66 Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми!

36:67 Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат.

36:68 Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби?![1]

36:69 Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Куран![1]

36:70 Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү).