Шамсуддин Хакимов — 443
36:41 Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз.
36:42 Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик.[1]
36:43 Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт.
36:44 (Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн.
36:45 Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт.)
36:46 Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат.
36:47 Эгер аларга: «Аллах ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла» – деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!» – дешет.[1]
36:48 Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (кыямат) качан келет?»
36:49 Алар (эч нерседен бейкапар) өз-ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.[1]
36:50 (Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт.
36:51 Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббилерине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат.
36:52 (Жана) айтышат: «Оо, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! Пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»
36:53 Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат.
36:54 Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза (же) сыйлык аласыңар.