>

Шамсуддин Хакимов — 442

36:28 Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз.

36:29 (Себеби): Бир гана ач айкырык болду! Анан ..., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты.[1]

36:30 Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат.

36:31 Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт!

36:32 Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат.

36:33 Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги – өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат.

36:34 Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык,

36:35 ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми?!

36:36 Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллах – Аруу,Таза!

36:37 Аларга (дагы бир) белги – түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат.

36:38 (Дагы бир белги –) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул – Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы.

36:39 Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз.

36:40 Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.[1] Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт.