>

Шамсуддин Хакимов — 441

36:13 Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.[1]

36:14 Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилер болобуз» - дешти.

36:15 (Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллах) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»

36:16 Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз.

36:17 Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат».

36:18 (Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (кара-жолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди таш-бараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»

36:19 «Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бересиңерби) ?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!» – дешти (пайгамбарлар).

36:20 (Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, коом! Пайгамбарларды ээрчигиле!

36:21 Өздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:)

36:22 «Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар!

36:23 Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!

36:24 (Эгер Аллахтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын!

36:25 Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)

36:26 айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе,

36:27 Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»