Шамсуддин Хакимов — 437
35:19 Сокур менен көздүү тең эмес.
35:20 Караңгы менен нур дагы (тең эмес).
35:21 Аптап менен көлөкө дагы (тең эмес).
35:22 Тирүүлөр менен өлүктөр дагы тең эмес![1] Аллах (сенин эскертүүлөрүңдү) каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга угуза албайсың!
35:23 Сен болгону бир эскертүүчүсүң.
35:24 Чынында Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн.
35:25 Эгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллах тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле.
35:26 Андан кийин Мен каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадым! (Менин) четке кагуу(м) кандай экен?![1]
35:27 Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык).[1]
35:28 Дагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. (Ушуларды таанып-билүү үчүн аракеттенип, илим издеш керек. Анткени:) Аллахтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында Аллах - Кудереттүү, Кечиримдүү.
35:29 Аллахтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат.
35:30 (Аллах аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу!