Шамсуддин Хакимов — 435
35:4 (Оо, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1]
35:5 Оо, адамдар Аллахтын убадасы акыйкат. Силерди дүйнө(нүн кооз-жылтырак) жашоосу азгырып койбосун! Дагы силерди жалганчы (шайтан) Аллахтан азгырбасын!
35:6 Шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны (дайым) душман туткула! Чынында ал өзү(нө ээрчиген) жамаатты тозок элдеринен болууга чакырат.
35:7 Аллахка каапыр болгондор үчүн катуу азап, ал эми, ыйман келтирип жакшы амалдарды кылгандар үчүн кечирим жана улуу сооп бар.
35:8 (Айткылачы, күнөө) ишинин жамандыгы өзүнө кооз көргөзүлгөн соң, аны жакшы иш деп эсептеген киши (Аллах туура жолго баштаган киши сыяктуу) боло алабы? Аллах каалаган адамын (ушинтип) адаштырат, каалаганын туура жолго баштайт. (Оо, Мухаммад!) Жаның алар (мушриктер) үчүн кайгы чекпей эле койсун! Аллах алар эмне кылып жатканын жакшы Билүүчү.
35:9 Аллах шамалды жиберди. Шамалдар булуттарды козгогондо, Биз аларды өлүк (кургак) шаарга айдап барып (жамгыр-жаадырып) аны менен өлүк жерди тирилтебиз. Кайра тирилүү да ушундай.
35:10 Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллахка таандык.[1] Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет!
35:11 (Оо, инсандар) Аллах силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскарары (Аллахтан алдындагы) китепте бар,[1] албетте бул Аллах үчүн жеңил.[2]