>

Шамсуддин Хакимов — 434

34:49 Айт: «Акыйкат (Ислам дини) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!»

34:50 (Мушриктерге) айт: «Эгер мен (силер айткандай) адашкан болсом, өзүмдүн зыяныма адашкан боломун. Ал эми, туура жол тапкан болсом, бул мага Раббим вахий кылган нерсе себептүү. Ал – Угуучу, Жакын».

34:51 Сен алардын (тозокту көргөндө катуу) коркуп, бирок, качып кете албай, (тозокко) жакын жерден кармалганын бир көрсөң эле!

34:52 (Ошондо) алар: «Жалган деген нерсебизге ыйман келтирдик!» дешет. Эми аларга алыс жерден (наркы дүйнөдөн ыйманга) жетиш кайда!

34:53 Бирок, алар мындан мурун (дүйнө жашоосунда) бул нерсеге тап-такыр каапыр болушуп, (ошол) алыс жерден кайыпты (акыретти) жалганга чыгарып коюшкан.

34:54 Эми алар менен эңсеген нерселеринин (дүйнөгө кайтууларынын) арасы тосулуп коюлду. Мындан мурун дагы аларга окшогондорго дал ушундай кылынган. Алар (акырет жөнүндө) аябай чоң шектенүүдө болушкан!

35:1 Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.[1] Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!

35:2 Аллах адамдарга ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман.

35:3 Оо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!