Шамсуддин Хакимов — 432
34:32 Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди туура жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!» – дешет.
34:33 (Анда) ээрчиген алсыздар текебер жол башчыларына (мындай) дешет: «Жок!» Күнү-түнү (силер кылган) айлакерлик бизди азгырды. Ал кезде силер бизди Аллахка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(га зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты.
34:34 Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын дөөлөтүнө чиренгендер: «Биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен.[1]
34:35 Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, бала-бакырабыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.[1]
34:36 Айт (оо, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына тар кылат. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт».
34:37 Силердин мал-дүйнөңөр да, бала-бакыраңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, алардын амалдарына эселенген сыйлыктар берилет. Жана алар бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат.
34:38 (Бул дүйнөдө) Биздин аяттарыбызды алсыз (өкүмсүз) калтырганга аракет жасагандар (тозок периштелери тарабынан) азапка алып келинишет.
34:39 Айткын: «Менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө аны тар кылат. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, тар болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени (Аллах үчүн) сарптасаңар, Аллах (бир нече барабар көбөйтүп) өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү.