>

Шамсуддин Хакимов — 43

2:257 Аллах – ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктардан (илим, ыйман сыяктуу) нурга чыгарат. Ал эми, каапыр болгон адамдардын башчысы – Тагут. Ал аларды нурдан караңгычылыктарга чыгарат. Ошолор гана тозок ээлери жана алар анда түбөлүк калышат.

2:258 Аллах падышалык бергени себептүү (текеберленип,) Ибрахим (пайгамбар) менен, анын Раббиси жөнүндө далилдешкен кишини(н кабарын) билбедиңби? Ибрахим ага: "Менин Раббим өмүр жана өлүм берет" дегенде, ал: "Мен дагы өмүр жана өлүм бере алам" - деди. (Анда) Ибрахим айтты: "Аллах Күндү чыгыштан чыгарат. Сен (эгер кудай болсоң) аны батыштан чыгарып берчи, кана?! Анан каапыр адам (жооп бере албай) кеңгиреп калды. Аллах залымдарды туура жолго баштабайт![1]

2:259 Же болбосо (оо, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши(нин окуясы) сыяктуу (кабар укпадыңбы?) Ал киши: (ойрон болгон айылдан өтүп бара жатып) "Аллах ушуну(н элдерин) өлгөндөн соң кантип (кайра) тирилте алат?!" деди. Аллах анын өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип: "Канча убак жаттың?" – деди. "Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк" деп жооп берди. (Аллах) айтты: "Жок, жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамак-ашыңды, суусундуктарыңды карачы – бузулган эмес. Жана эшегиңе (чирип кеткен сөөктөрүнө) да кара. Биз сени адамдарга (Өз кудуретибизден) аян - белги кылуу үчүн (ушундай) кылдык. Жана сөөктөргө кара: Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. (Өз көзүң менен көрүп ал!). Анан бардыгы ага (көз алдында) анык билингенде: "Мен (эми) Аллахтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин!" – деди.[1]