>

Шамсуддин Хакимов — 427

33:63 Сенден адамдар кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Анын илими Аллахтын гана алдында. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билер элең, мүмкүн кыяматтын болору жакын.

33:64 Аллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду!

33:65 Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт!

33:66 Алардын беттери тозокто (ары-бери) оодарылган күндө: «О! Кана эми, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!» – деп (өкүнүчтө) калышат.

33:67 Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор туура жолдон адаштырган!

33:68 Оо, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!» – дешет.

33:69 Оо, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадка мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллах аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.[1] (Себеби) Ал Аллахтын алдында урматтуу (пайгамбар).

33:70 Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чындык-акыйкат гана сөздөрдү сүйлөгүлө!

33:71 (Ошондо) Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (бейишке) жетиптир!

33:72 Биз аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз мойнуна алды. Ал – зулумкер, наадан.[1]

33:73 Аллах мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тообосун кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.