Шамсуддин Хакимов — 426
33:55 (Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уулдарынын алдында, эже сиңдилеринин уулдарынын алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кул-күңдөрүнүн алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (Оо, пайгамбардын аялдары!) Аллахтан корккула! Аллах чынында ар бир нерсени көрүп турат!
33:56 Албетте Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла!
33:57 Аллахка жана Анын элчисине зыян бергендерди, дүйнө-акыретте Аллах наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган!
33:58 Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жасабаган иштери себептүү зыян берген адамдар (моюндарына) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр!
33:59 Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.
33:60 Эгерде мунафыктар (эки жүздүүлөр), жүрөктөрү оорулуу адамдар жана Мединада калп кабарларды таркатуучулар (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат.
33:61 (Анан) каргышка учураган абалда (куугунтукталып) кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет.
33:62 Аллахтын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Аллахтын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың!