>

Шамсуддин Хакимов — 424

33:44 Ага жолуккан (акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллах аларга улук сооп (бейиш) даярдап койгон.

33:45 Оо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик.

33:46 Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллахка чакыруучу жана нурлуу чырак (кылып жибердик).

33:47 Жана ыймандууларга, алар үчүн Аллах тарабынан улук сыйлык (артыкчылык) болушу жөнүндө куш кабар бер!

33:48 Каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды жөн койо тур. Жана Аллахка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү.

33:49 Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгерде, ыймандуу аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула.

33:50 Оо, пайгамбар! Биз сага махрын берген жубайларыңды, Аллах (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге көчүп (Мединага) келгендерин адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды – эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа – адал кылдык. (Бул укук, оо, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Албетте, момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парз кылган нерселерибизди Өзүбүз жакшы билебиз.[1] (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллах - Кечирүүчү, Ырайымдуу.