>

Шамсуддин Хакимов — 423

33:36 Эгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр!

33:37 (Оо, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллах (Ислам) жакшылыгын берген, анан сен дагы (кулчулуктан куткаруу) жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллахтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллах ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Чындыгында, коркууга Аллах акылуу.[1] Качандыр Зейд андан иши бүткөн соң, ал аялды сага никелештирдик. Анткени момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.[2]

33:38 Аллах парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөндөргө (пайгамбарларга да) Аллахтын жолу ушундай болгон. Аллахтын буйругу (сөзсүз болоору) тагдырда белгиленген.

33:39 Алар (мурунку пайгамбарлар) Аллахтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллахтан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллах – жетиштүү эсептешүүчү.

33:40 (Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.[1] Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү.

33:41 Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахты көп зикир кылгыла!

33:42 Эртели-кеч Ага тасбих (аруулагыла) айткыла!

33:43 Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал ыймандууларга Ырайымдуу!