Шамсуддин Хакимов — 421
33:23 Ыймандуулардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллахка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады.
33:24 Аллах чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) кааласа азапташ же болбосо тооболорун кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.
33:25 Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллах өз ачуулары менен кайтарды.[1] Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллах ыймандууларга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү!
33:26 Жана Аллах душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза жөөттөрүн) чептеринен чыгарды. Жүрөктөрүнө катуу коркуу салды. Силер (оо, ыймандуулар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар.
33:27 Жана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.
33:28 Оо, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшынакай мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын.
33:29 Ал эми, Аллахты(н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана акырет жайын кааласаңар, Аллах силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (бейишти) даярдап койгон».[1]
33:30 Оо, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.