>

Шамсуддин Хакимов — 419

33:7 Бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз.

33:8 Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн ушинтти. Аллах каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду.

33:9 Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү.

33:10 Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.[1]

33:11 Ошол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан.

33:12 Ошондо, мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллах менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы» – дешти.

33:13 Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «Эй, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!» – деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык, коргоосуз калган болчу» – деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну каалашкан.

33:14 Эгер (ошондо) аларга Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, алардан динден кайтууларын талап кылынганда, аз сандагылар калып, калганы көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарына жооп беришмек.

33:15 Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллахка ант берген эле го! Аллахка берилген ант жөнүндө (кыяматта) суралат!