>

Шамсуддин Хакимов — 417

32:21 Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (бул дүйнөдө) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса.[1]

32:22 Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн залым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз!

32:23 Биз чынында Мусага китепти (Тооратты) бердик. (Оо, Мухаммад!) сен аны менен жолукканың жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исраил урпактарына туура жол кылганбыз.

32:24 Жана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү.

32:25 Албетте, Сенин Раббиң, кыямат күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында бир Өзү өкүмдарлык кылат.

32:26 Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды туура жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллахтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллахтын аяттарына) кулак салышпайбы?!

32:27 Алар ойлонушпайбы, Биз какыраган жерге (булуттарда) суу айдап (жамгыр жаадырып), аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Ушул кудуретибизди) көрүшпөйбү?!

32:28 Жана (ыймандууларга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш (кыямат) качан болот?» – дешет.

32:29 Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тообо кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт.

32:30 (Оо, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүшөт.[1]